Өкмөт кырсыктаган учактын эки кара ящиги табылганы тууралуу жаңылышып алган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКрушение грузового самолета Boeing 747 в Кыргызстане
Крушение грузового самолета Boeing 747 в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт 16-январда биринчи кара ящик табылганын жарыялаган. Бирок ал учактын фрагменттери гана болгону белгилүү болду.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы Дача айылына кулаган учактын биринчи кара ящиги 16-январда табылды деп жаңылышып алганын кабарлады. 

Билдирмеге ылайык, кечээ табылган кара ящик учактын фрагменттери гана болгон. 

"Учактын биринчи кара ящиги бүгүн 17-январда табылды. Учурда анын экинчисин издөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Кара ящиктеги маалыматтарды Кыргызстанга келген мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин адистери иликтөөгө алышат. 

Эскерте кетсек, 16-январь күнү таң эрте Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн "Манас" аэропортуна токтомок болгон Boeing-747 учагы Дача айылынын үстүнө кулаган. Кырсыктан акыркы маалыматтар боюнча 38 кишинин көз жумганы белгилүү болду.

Каргашалуу кырсыктын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>


Жаңылыктар түрмөгү
0