Дарыгерлер учак кулаган Дача айылын үймө үй кыдырып жүрүшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январь күнү таң эрте Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн "Манас" аэропортуна токтомок болгон Boeing-747 учагы Дача айылынын үстүнө кулаган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ушу тапта авиакырсык катталган Дача айылында дарыгерлер үймө үй кыдырып, жергиликтүү тургундардын абалы менен таанышууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге учурда үч Тез жардам бригадасы тартылып, кардиолог, реаниматолог жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун адистери нөөмөттө турат. 

"Дарыгерлер, медайымдардан турган атайын топ 295 үйдү кыдырып чыкты. Жугуштуу оору менен жабыркагандар аныкталган жок. Эки адамга жеринен жардам көрсөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү таң эрте Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн "Манас" аэропортуна токтомок болгон Boeing-747 учагы Дача айылынын үстүнө кулаган. Кырсыктан акыркы маалыматтар боюнча 37 кишинин көз жумганы белгилүү болду.

Каргашалуу кырсыктын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0