Борбор калаадагы №2 төрөт үйү оңдоп-түзөөдөн өтүп ишке берилди

© AFP / ORLANDO SIERRAЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрөт үйдүн жылуулук өткөргөн түтүктөрүн алмаштыруу жана оңдоо иштери жарым жылга созулган. Ал үчүн 2,5 миллион сом каражат кеткени айтылууда.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкекте №2 төрөт үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке берилди. Бул туурасында Саламаттык сактоо департаментинин маалымат кызматы билдирди. 

Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө берилген медицинадык жабдуу - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги №4 оорукана 500 миң сомдук медициналык жабдуу алды
Маалыматка ылайык, 2016-жылы төрөт үйдүн жылуулук берүү системасы авариялык абалга кептелген. Жылуулук түтүктөрдү алмаштыруу жана оңдоо иштери жарым жылга созулган. Ал үчүн 2,5 миллион сом каражат кеткени белгилүү болду. 

Анда төрөт үйүнүн балдар бөлүмү, гинекология, патология жана эки акушердик бөлүмүнө ремонт жасалган. 

Ошондой эле балдардын реанимация бөлүмү, №2 операция залы, балдарды чыгаруучу бөлмөлөр капиталдык ремонттон өткөн. Мындан сырткары, эки кондиционер жана кычкылтек менен камсыздоо үчүн оксигенератор орнотулган.

№2 төрөт үйү 1962-жылы курулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0