"Манас" аэропорту иштей баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын кыйрашынан улам аэропорт болжол менен саат 8.30да жабылган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту иштей баштаганын аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Аталган аэропорт болжол менен саат 8.30дарда жабылган

"Манас" эл аралык аэропорту" саат 13.30дан тарта кадимки калыбында иштөөгө өтүп, каттамдарды кабыл ала баштады", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 16-январда эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы саат 7.30дар чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, 20дан ашык үй бузулган.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0