Путин учак кырсыгынан улам Атамбаевге көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековВозложение президентами цветов к Мемориалу памяти погибших в 1916 году в комплексе "Ата-Бейит"
Возложение президентами цветов к Мемориалу памяти погибших в 1916 году в комплексе Ата-Бейит - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти өз сөзүндө кыргыз элинин кайгысын тең бөлүшөрүн белгилеген.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин көп сандагы адамдын өмүрүн алган учак кырсыгына байланыштуу өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат кызматы билдирди.

Өз телеграммасында Путин Россия кыргыз элинин кайгысын тең бөлүшөрүн белгилеген.

"Владимир Путин каргашалуу кырсыктан жакындарынан айрылган жарандарга көңүл айтып, жабырлануучуларга тез сакайып кетүүсүн каалады", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн токтомок.

Маалыматтарда учак айылдын үстүнө кулап түшүп, анын кесепетинен расмий билдирүү боюнча 31 адамдын өмүрү кыйылып, 11 киши жабыркаган.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0