Абулгазиев: кыйраган учактын конууга мүмкүнчүлүгү болгон үчүн уруксат берилген

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуПервый вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев на месте крушения самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Первый вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев на месте крушения самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер кырсык болгонго чейин аэропортко 11 учак конгондугун кошумчалады.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанындагы учактын кыйрашы учкучтардын катасынан улам болушу мүмкүн экенин биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. 

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Гонконг — Стамбул каттамы боюнча учкан учак "Манас" аэропортуна май куюу үчүн конуп жатып кырсыктап, Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, жыйырмадан ашык үй жабыркаган.

"Чогулган маалыматтар боюнча учак конор алдында уруксат сураган. Ал учурда 325 метр алдын көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон. Ошол үчүн уруксат берилген. Эреже боюнча 300 метрден алыс көрүүгө мүмкүнчүлүк болсо уруксат берилет", — деди вице-премьер. 

Аталган кырсыктан улам 17-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0