Кулаган Boeing-747 учагы "Turkish Airlines" компаниясына тиешелүү эмес болуп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2004-жылы негизделген MyCargo Airlines компаниясы эл аралык жүк ташуулар менен алектенет. Компания Boeing 747-400BDSF, Boeing 747-400F жана Boeing 747-400ERF учактарын пайдаланат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Чүй облусунда "Манас" аэропортуна жакын жерде кулаган Boeing-747 учагы эл аралык жүк ташуучу каттамдарды аткарган MyCargo Airlines авиакомпаниясына тиешелүү экендигин Turkish Airlines авиакомпаниясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"MyCargo Airlines авиакомпаниясынын учагы Turkish Airlines авиакомпаниясына тиешелүү жүктү ташып келе жаткан", — деп айтылат билдирүүдө. 

Гонконг — Стамбул каттамы менен учуп бара жаткан учак Бишкекке конуп, май куйдурмак. Конуу тилкесинен жарым чакырым учуп өтүп, жерге урунган. Кырсыктан 34 киши каза болуп, 23 турак үй жабыркаган.

2004-жылы негизделген MyCargo Airlines түрк компаниясы эл аралык жүк ташуулар менен алектенет. Компания Boeing 747-400BDSF, Boeing 747-400F жана Boeing 747-400ERF учактарын пайдаланат. 

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0