Билим берүү министрлиги тест кызматын 44 млн. сомго сатып алат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЭкзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив
Экзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 13-январда жарыяланып, мөөнөтү 3-февралда аяктайт.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги тест кызматын сатып алуу үчүн тендер жарыялады. 

Зимний спортивный праздник Все на лыжню—2016 - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мектептери беш күндүк тартипке өтөт
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, министрлик аталган тест кызматын 2017-2019-жылдар аралыгында абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү үчүн алганы жатат. 

Билим берүү министрлиги бул кызматка 44 миллион 305 миң 600 сом сарптоого даяр.

Тендер 13-январда жарыяланып, мөөнөтү 3-февралда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0