Карда калган Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндөгү жол каттамы тазаланып жатат

© Фото / Нурзада МукашеваНарын облусунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барчу жолдор калың кардан тазаланууда
Нарын облусунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барчу жолдор калың кардан тазаланууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө күндүн суугу —40 градуска чейин жетти. Катуу шамал тазаланган жолдорду бөгөп жатат.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барчу жолдор калың кардан тазаланууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди.

© Фото / Нурзада МукашеваНарын облусунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барчу жолдор калың кардан тазаланууда
Нарын облусунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барчу жолдор калың кардан тазаланууда - Sputnik Кыргызстан
1/3
Нарын облусунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барчу жолдор калың кардан тазаланууда
© Фото / Нурзада МукашеваЖол тазалоо иштерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жол тейлөө ишканалары жана ӨКМдин кызматкерлери катышып, алар күнү-түнү иштеп жатышат
Жол тазалоо иштерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жол тейлөө ишканалары жана ӨКМдин кызматкерлери катышып, алар күнү-түнү иштеп жатышат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жол тазалоо иштерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жол тейлөө ишканалары жана ӨКМдин кызматкерлери катышып, алар күнү-түнү иштеп жатышат
© Фото / Нурзада МукашеваАталган аймакта кардын калыңдыгы бир метр, күндүн суугу —40 градуска чейин жетти
Аталган аймакта кардын калыңдыгы бир метр, күндүн суугу —40 градуска чейин жетти - Sputnik Кыргызстан
3/3
Аталган аймакта кардын калыңдыгы бир метр, күндүн суугу —40 градуска чейин жетти
1/3
Нарын облусунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барчу жолдор калың кардан тазаланууда
2/3
Жол тазалоо иштерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жол тейлөө ишканалары жана ӨКМдин кызматкерлери катышып, алар күнү-түнү иштеп жатышат
3/3
Аталган аймакта кардын калыңдыгы бир метр, күндүн суугу —40 градуска чейин жетти

Анын айтымында, жол тазалоо иштерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жол тейлөө ишканалары жана ӨКМдин кызматкерлери катышып, алар күнү-түнү иштеп жатышат.

Үйүр жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыда кардын айынан кыштоодо калган 36 миң малга тоют жөнөтүлдү
"Аталган аймакта кардын калыңдыгы бир метр, күндүн суугу —40 градуска чейин жетти. Мындан улам күйүүчү май тоңуп, кыйынчылык жаралууда. Учурда Ак-Сай кыштоолорундагы чабандар менен байланыш бар. Отун-суу, тамак-аш жеткирилип жатат", — деди облус башчысы.

Ошондой эле Кайыпов, учурда Кында жолу жабык болгондуктан кыштоого тоют жеткирүү иштери бир кыйла оор болуп жатканын белгиледи.

"Элдин айтымында, Аксай өрөөнүнө мындай кар көп жылдан бери түшө элек. Буга чейин малчылар тоют топтогон эмес. Мал оттоп эле кыштан чыгып кетчү экен. Эми ал жакка дагы кар калың түшүп чабандарга кыйынчылык жаралууда", — деди Кайыпов. 

Учурда катуу шамал тазаланган жолдорду бөгөп жатканын өкмөттүн өкүлү кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0