"Ала-Тоо" аянтындагы балаты шаардыктардын өтүнүчү менен бүгүн алынбай калды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив
Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын башкы балатысынын узундугу 25 метрди түзөт. Ага улуттук стилдеги 77 жасалга илинген.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы балаты, шаардыктардын өтүнүчү боюнча бүгүн алынбай турган болду. Бул туурасында мэриядан кабарлашты. 

Буга чейин 15-январда өлкөнүн башкы балатысы алынаары туурасында айтылган болчу. 

"План боюнча "Ала-Тоо" аянтындагы балаты 15-январь күнү алынмак. Бирок шаардыктардын өтүнүчтөрүн эске алуу менен азырынча калтыра турган болдук. Эми кайсы күнү алынарын алдын ала эскертебиз", — деп билдирди мэриянын маалымат кызматы.

Кыргызстандын башкы балатысынын узундугу 25 метрди түзөт. Ага улуттук стилдеги 77 жасалга илинген. Мындан тышкары, 60 жылдызча жана 50 кар бүртүкчөлөрү менен кооздолгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0