Ысык-Көл: 1000 комузчунун катарында "Маш ботойду" черткен өнөрпоз балдар сыйланды

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской областиБлагодарственные письма комузистам от имени президента Алмазбека Атамбаева
Благодарственные письма комузистам от имени президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөр оюндары сентябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюндарында 1000 комузчунун катарында Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн черткен ысык-көлдүк комузчулар коллективине президенттин атынан ыраазычылык кат тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, сый баракчаларды балдарга өкмөттүн өкүлү Асхат Акибаев тапшырды.

"Силердин өнөрүңөргө дүйнө коомчулугу да, кыргызстандыктар да таң калып, ошол эле учурда силер менен сыймыктанып турду", — деди облус жетекчиси. 

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары сентябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0