Бишкекте майыптарга ылайыкташкан коомдук ажатканалар иштей баштады

© пресс-служба мэрии города БишкекСтроительство муниципальных туалетов в Бишкеке
Строительство муниципальных туалетов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалдык ажатканага кирүү баасы 10 сом болот. Учурда курулуп бүткөн ажатканалар "Зеленстрой" ишканасынын балансына өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкекте коомдук ажаткана куруу иштери уланып жатканын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда борбор калаада үч ажаткана иштеп жатат. Анын бири ноябрь айында бүтүп, улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабына орнотулса, азыр Раззаков көчөсү менен Киев көчөлөрүнө салынып жаткан эки ажаткананын курулушу аягына чыкты.

Учурда борбор калаада үч ажаткана иштеп жатат.
Учурда борбор калаада үч ажаткана иштеп жатат. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Учурда борбор калаада үч ажаткана иштеп жатат.
© пресс-служба мэрии города БишкекАнын бири ноябрь айында бүтүп, улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабына орнотулса, азыр Раззаков көчөсү менен Киев көчөлөрүнө салынып жаткан эки ажаткананын курулушу аягына чыкты.
Анын бири ноябрь айында бүтүп, улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабына орнотулса, азыр Раззаков көчөсү менен Киев көчөлөрүнө салынып жаткан эки ажаткананын курулушу аягына чыкты. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын бири ноябрь айында бүтүп, улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабына орнотулса, азыр Раззаков көчөсү менен Киев көчөлөрүнө салынып жаткан эки ажаткананын курулушу аягына чыкты.
© пресс-служба мэрии города БишкекУчурда курулуп бүткөн ажатканалар "Зеленстрой" ишканасынын балансына өткөрүп берилди.
Учурда курулуп бүткөн ажатканалар Зеленстрой ишканасынын балансына өткөрүп берилди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Учурда курулуп бүткөн ажатканалар "Зеленстрой" ишканасынын балансына өткөрүп берилди.
1/3
Учурда борбор калаада үч ажаткана иштеп жатат.
2/3
Анын бири ноябрь айында бүтүп, улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабына орнотулса, азыр Раззаков көчөсү менен Киев көчөлөрүнө салынып жаткан эки ажаткананын курулушу аягына чыкты.
3/3
Учурда курулуп бүткөн ажатканалар "Зеленстрой" ишканасынын балансына өткөрүп берилди.

"Дааратканада үч кабина бар, анын бири майып адамдар үчүн ылайыкташкан. Пандустар орнотулуп, коляска үчүн аянтча каралган. Туалетке кирүү акысы 10 сом болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда курулуп бүткөн ажатканалар "Зеленстрой" ишканасынын балансына өткөрүп берилди.

Мындан сырткары 2017-жылдан тарта борбордун бир катар жерлерине да ажатканалар курула баштайт. Аларды кайсыл жерлерге куруу керектигин атайын комиссия аныктаган

 

  • Пушкин — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиде; 
  • Горький атындагы сейил багы; 
  • Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багы;
  • Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде; 
  • Ала-Арча – Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилиши; 
  • Рыскулов – Коенкозов көчөлөрүнүн кесилиши; 
  • Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркы; 
  • Бишкектин 125 жылдыгына арналган маданият жана эс алуу паркынын аймагы; 
  • Ата Түрк паркынын айланасы, Шакиров көчөсү; 
  • Жантөшев көчөсү; Рыскулов – Жаш Гвардия бульвары; 
  • Айни – Дагенстан көчөлөрүнүн кесилиши; 
  • Москва – Жаш Гвардия бульвары; 
  • Фучик паркы; 
  • Чүй проспектиси – Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилиши; 
  • Абдырахманов – Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши. 

 

Салына турчу коомдук ажатканалар бардык санитардык талаптарга жооп берип, шаардык бюджеттен каржыланмакчы. 

Бишкекте курула турган 18 ажаткананын картасын Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0