Европалык онкологдор КР дарыгерлерине ракты дарылоонун жаңы ыкмаларын үйрөтөт

© AP Photo / Ariana CubillosОперация на женской груди
Операция на женской груди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга Европанын онкология мектебинин өкүлдөрү келди. Алар эмчек рагын дарылоодогу жаңы ыкмалардын сыры мене бөлүшмөкчү.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Европанын онколог адистери эмчек рагын дарылоодогу жаңы жетишкендиктер менен бөлүшө турганын аталган дарттын үстүнөн иштеп келген "Эргене" коомдук фондусу билдирди.

16-январь күнү Бишкекте онкологиялык ооруларга арналып өткөрүлө турган тегерек столго Европанын онкология мектебинин өкүлдөрү чакырылган. Иш-чарага кыргызстандык адистер да катышмакчы.

"Жолугушууда эмчек рагы боюнча абал, андагы көйгөйлөр, ошондой эле европалык онкологдор менен кызматташуу маселелери талкууланат", — деп айтылат маалыматта.

Европалык онкологдор КР дарыгерлерине ракты дарылоонун жаңы ыкмалары тууралуу айтып беришмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0