22:21 25 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Тоодогу адамдар катуу кар учурунда. Архив

Энергетиктер 3500 метр бийиктиктеги электр зымдарын кол менен тазалашты

© Sputnik / Михаил Мокрушин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
66 0 0

Аталган электр зымы "Макмалалтын" менен Тогуз-Торо районун камсыздайт. Бул зымдар буга чейин да үзүлүп калган учурлар катталган.

БИШКЕК, 13 янв — Sputnik. Жалал-Абад жогорку чыңылуудагы электр түйүндөрү ишканасы менен телемунара кызматкерлери "Урумбаш — Жетиген" электр чубалгыларын кардан тазалашты. Бул туурасында "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКнын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган ишкана 9-10-январь күнү Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарындагы "Урумбаш — Жетиген" электр чубалгыларын кароодон өткөргөн. 

"Деңиз деңгээлинен 3000-3500 метр бийиктиктеги Сары-Кыр ашуусунда электр чубалгыларынын №171-172 жана 180-181 аралыгында узундугу 30 метрге жеткен электр зымдары калыңдыгы эки метр болгон кардын астында калган", — деп билдирди маалымат кызмат.

Ал жерде ноябрь айынан бери унаа жолдор жабык болгондуктан, техникалар тартылган эмес. Кызматкерлер күрөктөрдүн жардамы менен эки күн тазалашкан.

"Учурда электр чубалгылары толугу менен жөнгө салынды. Ал эми оңдоо иштери жүрүп жатканда Тогуз-Торо районунда жана "Макмалалтын" комбинатында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатты" — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин табигый кырсыктарга байланыштуу маал-маалы менен авариялык өчүрүүлөр бир нече ирет катталып турган. Аталган аймактагы электр чубалгылары кар көчкү жана катуу шамалдын айынан көп зыян тартат. Ошондой эле октябрдан май айына чейин унаалар үчүн жолдор жабылып калат.

Тема боюнча

Быйыл Бишкек шаарында 40 чакырым эскирген кабелдер алмаштырылат
Сокулукта электр чубалгылары оңдолуп чыкты
Белгилер:
оңдоо, электр зымы, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ