Фуркан Улусой: Азиздин операциясын арзандатууну сүйлөшүүгө үч айдай убакыт кетти

© Фото / Тынара УлусойФуркан Улусой
Фуркан Улусой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азиз Мурадиллаев 15-январь күнү боорун алмаштыруу үчүн Стамбулга кетет.
Фуркан Улусой: Азиздин операциясын арзандатууну сүйлөшүүгө үч айдай убакыт кетти

Интервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым - Sputnik Кыргызстан
Радио
Азиз Мурадиллаев: Сүймөнкул Чокморовдун досунун ролун жаратканы жатам
Ушул күнгө чейин актердун операциясына кайрымдуулук иш-чаралары аркылуу каражат чогултулуп жаткан. Ошондой эле январь айынын башында анын дарылануусуна өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 414 миң сом бөлгөн.

Кечээ кечинде теле алып баруучу Ассоль Молдокматова Мурадиллаевдин операциясынын баасын арзандатууга түрк жараны Фуркан Улусой жардам берип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген. Анын айтымында, чогулган каражат 20 миң долларга жетип, дагы зарыл болгон 10 миң долларды Эл аралык илим жана бизнес университетинин камкорчулар кеңешинин мүчөсү Нургалы Асаналиев бөлүп берген.

Бүгүн Фуркан Улусойдун өзү менен байланышып, ал эмне себептен кыргыз актеруна жардам берүүнү чечкени, арзандатууну сүйлөшүү канчалык татаал болгондугу тууралуу маектештик.

— Фуркан мырза, Азиз Мурадиллаев жардамга муктаж болуп жатканын кайдан билдиңиз?

— Менин Кыргызстанда тааныштарым, досторум абдан көп. Ошолордун социалдык тармактардагы баракчаларынан Азиз Мурадиллаев жөнүндө көп окуп жүрдүм. Акыркы кездерде операциясына кол кабыш кылайын деп чечип, ага жардам берип жүргөн Ассоль Молдокматова менен байланышып, маалымат алгам. Ассоль операция жасап берчү клиникаларды Россия жана Индиядан издеп жатыптыр. Мен биздин клиниканы сунуш кылдым. Операция жалпысынан 100 миң доллар турат, сүйлөшүү жолу менен 30 миң долларга түшүрдүк. 

© Фото / пресс-служба клиники "Мемориал"Гражданин Турции Фуркан Улусой
Гражданин Турции Фуркан Улусой - Sputnik Кыргызстан
Гражданин Турции Фуркан Улусой

— Биздин клиника дейсизби?..

— Мен "Memorial Healthcare Group" клиникасында иштейм, Борбор Азия боюнча адисмин. Азизге жардам берүүнү чечкенден кийин жетекчиликке кирип "мен кыргыздарды жакшы билем, ал жакта 10 жыл жашагам, кыргыз актеруна жардам беришибиз керек" деп бардык шартты түшүндүрдүм. Сүйлөшүүгө жалпысынан үч айдай убакыт кетти. Аягында ушундай жакшы жыйынтык чыкты. Буюрса Мурадиллаев жакынкы күндөрү келет. Алгач анализ тапшырып, көптөгөн текшерүүлөрдөн өтөт. Ошондон кийин гана операция качан жасалары чечилет. 

— Өзүңүз Кыргызстанда окуган турбайсызбы, ээ?

— Ооба, "Манас" университетинен билим алгам. 

— Кыргыз кызына үйлөнгөнүңүз чынбы?

— Ооба, кыргыздарга күйөө баламын. Азыр үй-бүлөм менен Стамбул шаарында жашайбыз. 

— Мурадиллаев катышкан спектакль, тасмаларды көрдүңүз беле?

Обладательница титула Мисс Кыргызстана-2013 Жибек Нукеева - Sputnik Кыргызстан
Жибек Нукееванын өмүрүн сактап калчу операцияга 15 миң доллар жетпей жатат
— Мен Кыргызстанда окуп жүргөндө театрларга көп барчубуз. Курманжан датка тууралуу дагы көп окугам. Кийин Азиз Мурадиллаевдин "Курманжан датка" тасмасында башкы ролду аткарганын угуп, тасманы көрүп чыктык. Ошентип Мурадиллаев тууралуу жетекчибиз дагы маалымат алды. 

— Азиз Мурадиллаевдин өзү менен сүйлөшүп көрдүңүзбү? 

— Бир ай мурда Бишкекте болгом. Ошондо өзү менен жолугуп, кандай жардам бере аларыбызды түшүндүрүп бергем. Бул жакка келип, жетекчилик арзандатып берүүгө макул болгондо Мурадиллаевге айттым. Үй-бүлөсү абдан кубанды.

Жаңылыктар түрмөгү
0