БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна барган иш сапарында Лейлектин диагностика жана экспертиза борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган борбордун жетекчиси Фархад Абдалиев бүгүнкү күндө мекеменин материалдык-техникалык базасы эски экенин билдирген.
"Бүгүнкү күндө мекемеде сегиз адам иштейт. Диагностикалык борбор мал-жандыктардын ар кыл жугуштуу ооруларына карата бактериологиялык иликтөөлөрдү жүргүзөт.Ошондой эле борбор мал-жандыктарын идентификациялоону баштоого толугу менен даяр, тийиштүү органдардын адистери окуудан өтүшкөн", — деп билдирди аталган борбордун жетекчиси өкмөт башчы менен жолугушуу учурунда.
Жээнбеков мал-чарба продукциясын экспорттоодо дүйнөлүк стандарттар талабына дал келтирүү үчүн мал-жандыктарын идентификациялоо процессинин маанилүүлүгүн белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга бул маселени чечүү тапшырмасын берди.