Окумуштуулар айдын курагын аныкташты

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЛуна
Луна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин окумуштуулардын айдын жаралгандыгы тууралуу айткандары туура эмес болуп чыккан.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин профессору Кевин Маккигандын айтымында айга 4,51 миллиард жыл болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Окумуштуулар ай тууралуу маалымат "Аполон-14" экипажы тарабынан чогултулган циркон минералдарын иликтешкен соң ушундай жыйынтыкка келишкен.

"Жаңы изилдөөлөргө ылайык, ай күн системасы жаралгандан 60 миллион жылдан кийин пайда болгон", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин окумуштуулар ай күн системасынан 100-200 миллион жылдан кийин жаралганын айтып келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0