Январдын башынан бери тайгаланып жыгылгандардын саны 200гө жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрылгандардын 40кы ооруканага жаткырылса, 155и амбулатордук түрдө дарыланган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 1-январдан 10-январга чейин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна тайгаланып жыгылып 195 киши кайрылганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Рыскелди Момбеков: маселе СПИД болгону менен баяндамачы "спит" болуп жатпайбы
Маалыматка ылайык, кайрылгандардын 40кы ооруканага жактырылса, 155и амбулатордук түрдө дарыланган.

Министрлик ошондой эле тайгалактан улам машинанын алдында калуу коркунучу жогору экенин жарандарга эскертип, жолдо баратканда этият болууга чакырат.

Андан сырткары тайгак жерде баратканда буттарды бош кармап, колдорду чөнтөккө салбай басуу керектигин айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0