22:56 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Гүл жана каска. Архивдик сүрөт

Жаш өмүрдү жалп өчүргөн шахталар. Кырсыкты кыйгап өтүүгө болобу…

© Sputnik / Антон Круглов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
30530

Өлкө аймагында өткөн жылы көмүр шахталарында болгон кырсыктардын кесепетинен 12 адам көз жумган. Адам өмүрүн алган мындай окуялар кеч күздө жана кыш мезгилинде көп болуп, көпчүлүгү Баткен облусунда катталган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Белес-1" ишканасында 9-декабрда өз алдынча көмүр казып жүргөн 17 жаштагы баланын үстүнө таш кулап көз жумган. Бөөдө кырсык эртеси дагы ошол эле шаардын "Раимберди" шахтасында болуп, 49 жаштагы жергиликтүү тургун каза болду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги шахтадагы кырсыктардын келип чыгышы, анын алдын алуу чаралары тууралуу иликтеп көрүүнү чечти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Мая Шаимкулованын айтымында, былтыр шахтадагы кырсыктан 12 адам каза болгон. 

"Өлкө аймагында тоо-кен куткаруу кызматы иштейт. Куткаруучулардын маалыматы боюнча 2016-жылы шахтадагы кырсыктардан 12 адам каза болгон. Сүлүктүдө сегиз адам жана Кызыл-Кыя менен Таш-Көмүрдө экиден адам көз жумган. Андан сырткары, беш адам түрдүү жаракат алган", — деди Шаимкулова. 

Жашы жете элек баланын өмүрүн алып кеткен окуя Сүлүктү шаарынын "Белес-1" ишканасында орун алган. Аны иштетүүгө багытталган лицензия ишкерлерге 2016-жылы берилген. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы шахтаны иштеткендер 18 жашка чыга элек баланы жумушка алып мыйзам бузгандыгын белгилешет. 

Мамлекеттик инспекциянын Өнөр-жай коопсуздугу жана тоо-кенин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Максат Абдылдаев шахтыларды текшерүүгө кызматкерлер жетишпей жаткандыгына токтолду. 

"Кырсык болгон "Белес-1" ишканасы жаңы эле иштей баштаган. Ишкерлердин жашы жете элек 17 жаштагы баланы жумушка алгандыгы мыйзам бузуу болуп саналат. Алар эч нерсени билбеген жарандарды көчөдөн алып келип иштетип жатышат. Талап боюнча шахтада 20 жаштан өткөн, тажрыйбасы бар адистер иштеш керек. Андан сырткары, инспекциянын аймактагы кызматкерлери дагы аз болуп жатат. Мисалга Сүлүктүдө эле 30дан ашык жеке ишкерлер шахта иштетет. Алардын баарын текшерүүгө аймактык бир эле кызматкерибиз бар. Ал толугу менен ишканаларды текшерүүгө жетишпейт", — деди Абдылдаев. 

Ал ошондой эле мыйзамга ылайык, өндүрүш ишканаларын жылына бир жолу гана текшерүүгө укук бериле тургангандыгын кошумчалады. 

Ал эми "Белес-1" ишканасынын директору Асылбек Исраилов 200 метр тереңдикте көмүр казган ишкана үч жылдан бери иштеп келерин белгиледи. Ал мектеп окуучусунун шахтада иштегени кокустук экенин айтты. 

"Өндүрүштө буга чейин мындай окуялар болгон эмес. Баланы көмүр казып жаткан жердин үстү урап басып калган. Ал бир күн эле акча табуу үчүн иштегени кирген окшойт. Негизи бизде жашы жете электер иштегенге болбойт. Жумушчуларга күндө эртең менен коопсуздук эрежелери боюнча эскертилип турат. Ал үчүн атайын башкы инженер дагы иштейт. Бардык талаптарды аткарып иштеп жатабыз", — деди Исраилов.

Адистер көп сандаган кырсыкка ишкерлер эптеп эле каражат табуу үчүн өндүрүш коопсуздугу менен техникага көңүл бурбай жаткандыгы себепкер дешүүдө. Тоо-кен металургиялык профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев өндүрүштөгү эски жабдыктар алмаштырылбай, жумушчуларга окутуулар уюштурулбай жатканын белгиледи. 

"Лицензия алган компанияда жоопкерчилик болуш керек. Ал жакта иштеген жумушчуларга окутууларды уюштуруп, техника менен жабдыктарды жаңыртуу зарыл. Эгер ишканада 50дөн ашык жумушчу иштесе, шахтага өндүрүш коопсуздугу боюнча адис алыш керек. Бирок мындай аракеттер аткарылбай жатат. Тескерисинче, ишкерлер өндүрүшкө аз каржы коротуп, көп киреше табууга аракет кылышууда. Мына ушундан көп адамдардын өмүрү кыйылууда. Көзөмөлдү күчөтүш керек, аткарбаса ишкерлерден лицензиясын алып салууга чейин барып, жоопкерчилик менен көзөмөлдү күчөтүү зарыл", — деди Тажибаев. 

Адам өмүрүн алган окуяларды иликтөө боюнча жакын арада атайын комиссия түзүлөт. Анда окуянын келип чыгуу себеби аныкталып, жоопкерчилик маселеси дагы такталат. 

Кошумчалай кетсек, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда кендерди иштетүүгө 2000ден ашык лицензия берилген. Ал эми көмүр кендерин чалгындоого жана казууга 316 лицензия тапшырылган.

ЭҢ МААНИЛҮҮ