Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аймактардагы радиолорду эми интернеттен угууга болот

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЗапуск информационной радиостанции "Коммерсант ФМ"
Запуск информационной радиостанции Коммерсант ФМ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январь-февраль айларында Кыргызстандын аймактарындагы 12 радиону Интернетке чыгаруу пландалууда.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарындагы радиолорду эми интернеттен укса дагы болорун ТМС компаниясынын негиздөөчүсү Тынчтык Кожобеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал өз сөзүндө алдыдагы эки айда аймактарда гана иштеген радиолорду интернет аркылуу угууга болорун баса белгиледи.

"Январь-февраль айларында Кыргызстандын аймактарындагы 12 радиону Интернетке чыгарабыз. Ошентип өлкө аймагында обого чыккан радиолорду онлайндан угууга болот. Региондогу радиолорду Интернетке туташтыруу менен биз угармандарга эки багыт боюнча мүмкүнчүлүк түзүп беребиз. Биринчиси — интернет аркылуу Кыргызстандын радиолорун дүйнөнүн каалаган жеринен угуу. Экинчиси — ырчы менен ырлардын рейтингин биздин сайт аркылуу көрө алышат", — деди демилгечи.

Кожобеков өлкө аймактарында 14 радио обого чыгарын билдирип, алардын айрымдары Бишкектеги радиолордон бир кыйла сапаттуу экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0