14:07 26 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Депутат Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү

Рыскелди Момбеков: маселе СПИД болгону менен баяндамачы "спит" болуп жатпайбы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
38620

Эл өкүлү Момбеков өз сөзүндө баяндамачы өзү эч нерсе билбей турганын айтты.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеште "ВИЧ/СПИД жөнүндөгү КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда эл өкүлдөрү баяндамачынын берген маалыматтарына канааттанбаганын баса белгилешти.

Депутат Рыскелди Момбеков өз сөзүндө баяндамачы өзү эч нерсе билбей турганын айтты.

"Маселе СПИД болгону менен баяндамачы "спит" болуп жатпайбы. Эмне деген баяндамачы? Мындан кийин министрлер өздөрү келип баяндама жасасын. Өкмөт мүчөлөрү уят болбош керек", — деди Момбеков.

Ал эми Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо системасына 10,5 миллиард сом бөлүнүп жатканын эске салды. 

Эл өкүлү Тазабек Икрамов СПИД оорусу Жалал-Абад менен Ошто көп экенин айтып, илдет аталган аймактагы айылдарга чейин кирип кеткенин баса белгиледи.

"СПИД оорусу айылдарга чейин кирип кетти. Аны мигранттардан жугуп жатат деп баяндамачы айтты. Мен СПИД оорусу кошуна мамлекеттерден келип жатканын айтат элем. Көбүнчө баңгизатын колдонгондордон да жугуп жатат", — деди эл өкүлү. 

Икрамов азыртадан баштап бул дарт тыкыр көзөмөлгө алынышы керектигин баса белгиледи. Талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлмөй болду.

Тема боюнча

Нарында ВИЧ инфекциясын жуктурган 124 адам катталды
Белгилер:
СПИД, медицина, Жогорку Кеңеш