ЕАЭБ өлкөлөрүндө сатылган тамеки кутусуна "жүрөк айланткан" жаңы сүрөттөр түшүрүлөт

© SputnikПачки сигарет с иллюстрациями о вреде курения для человека в Кыргызстане
Пачки сигарет с иллюстрациями о вреде курения для человека в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өндүрүүчүлөр кутунун сырттанды никотин менен чайырдын көлөмү канча экенин эми жазышпайт.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде тамекинин сыртында март айынан тарта тамеки тартуунун кесепети тууралуу жаңы сүрөттөр пайда болорун РИА Новости Евразиялык экономикалык комиссияга (ЕЭК) таянуу менен жазып чыкты.

Эми кутулардын сыртына тамеки тартуудан улам ууланган кишинин жабыркаган органдарынын сүрөттөрү түшүрүлөт.

"Ошол эле окумуштуулардын пикири боюнча эң жагымсыз делген күрөң өң Pantone 448C кодировкасы да колдонулат. Мындай сүрөттөр кутунун жарымынан көбүн ээлейт", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, тамекинин сыртына анын "даамы жана пайдасы жөнүндө" жазууларды жана сүрөттөрдү колдонууга тыюу салынат.

Мындай кадамдар ЕАЭБдин техникалык регламентине ылайык жасалууда жана 2017-жылдын 17-мартынан тарта колдонула баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0