Муфтий дин кызматкерлерин билим алууга чакырды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүПразднование Дня рождения Пророка Мухаммеда в Грозном
Празднование Дня рождения Пророка Мухаммеда в Грозном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта алты күндүк семинарда Бишкек жана Ош шаарларында 288 имам билим алууда.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Муфтий Максат ажы Токтомушев дин кызматкерлери үчүн уюштурулган окуу семинарынан кабар алып, имамдарды билимин тереңдетүүгө чакырды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Имамдар менен болгон жолугушуунун алкагында муфтий алты күндүк семинардын катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, өзүнүн акыл-насаатын, кеп-кеңештерин айтып өттү. 

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана "Ыйман" фонду тарабынан уюштурулган семинарда Бишкек жана Ош шаарларында 288 имам билим алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0