01:26 28 Бугу 2017
Түз эфир
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы жалгыз муз аянтчасы

Ак-Талаада элди спортко шыктандырган 50 сомдук жалгыз муз аянт иштеп жатат

© Фото / Гулдана Талантбекова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
16010

Бул муз аянтты түзүү үчүн жалпы 250 миң сом жумшалган. Мектеп окуучулары күндүз, ал эми чоңдор кечки саат сегизден кийин хоккей ойношот.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында мектеп окуучуларын спортко шыктандырган жалгыз муз аян иштеп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аянтчанын ээси Гүлзат Абдылдаева билдирди. 

Анын айтымында, мектеп окуучулары күндүз, ал эми чоңдор кечки саат сегизден кийин муз аянтка келишип хоккей ойношот. 

  • Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында мектеп окуучуларын спортко шыктандырган жалгыз муз аян иштеп жатат
    Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында мектеп окуучуларын спортко шыктандырган жалгыз муз аян иштеп жатат
    © Фото / Гулдана Талантбекова
  • Аянтчанын ээси Гүлзат Абдылдаева
    Аянтчанын ээси Гүлзат Абдылдаева
    © Фото / Гулдана Талантбекова
1 / 2
© Фото / Гулдана Талантбекова
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында мектеп окуучуларын спортко шыктандырган жалгыз муз аян иштеп жатат

"Муз аянттын акысы саатына 50 сом. Бирок мен үчүн акча табуу негизги максат эмес. Балдардын спортко болгон кызыгуусун көрүп абдан кубанам. Буга чейин райондо үч муз аянтча иштечү. Бирок анын чыгымдары көбөйүп кетип жаап салышты. Эми ушул эле аянтча калды. Балдар кезекке туруп оюн салышат. Киреше аз болсо дагы келечектеги чемпиондорго шарт түзүп берсек деген максатыбыз бар", — деди Абдылдаева. 

Ал белгилегендей, муз аянтчасын иштетүү оңой эмес. Себеби музду катыруу үчүн түнү менен суу куюп чыгууга туура келет. 

"Муз аянт жаңы жылдан кийин ачылды. Себеби күн жылуу болуп муз тоңбой жатты. Түндө он экиден кийин балам суу чача баштайт. Кыйналып жатып эки жумада тоңдуруп бүттү. Азыр калыңдыгы 35 сантиметр. Буюрса уулум экөөбүз экинчи жылы иштетип жатабыз", — деди аянтчанын ээси. 

Бул муз аянтты түзүү үчүн жалпы 250 миң сом жумшалган экен. 

"Былтыр 15 сотых жерди сатып алып дөң жерлерин түздөтүп, өрт өчүрүү кызматынын машинеси менен суу ташып, кайра тоңдурганбыз. Конькилерди сатып алганга жалпысынан 250 миң сом жумшалган. Жаңы иштеп баштаганда балдар коньки тепкенди билбей жарымынан көбүн сындырып салышкан", — деди Абдылдаева. 

Ал муздун үстү жылмакай жана тегиз болушу үчүн үч күндө бир жолу суу куюп турушарын кошумчалады.

Кыргызстандын белгилүү муз аянттарын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Тема боюнча

Караколдо эки чоң жана эки кичине футбол аянтчасы курулмай болду
Бишкек мэри Албек Ибраимов жаңы жылды "Ала-Тоо" аянтынан тосту
Белгилер:
окуучу, хоккей, муз, Ак-Талаа

ЭҢ МААНИЛҮҮ