ТИМ: Кытай элчилигиндеги жардырууну уюштургандар Стамбулда жашырынып жүрөт

© REUTERS / Vladimir PirogovБишкектеги Кытай мамлекетинин элчилиги. Архив
Бишкектеги Кытай мамлекетинин элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай тараптын сунушу менен уюштурулган жолугушуу учурунда элчилер Ибрагим Жунусов менен Хонянг Ю Түркиядагы абал, акыркы учурлардагы терактылар боюнча пикир алышты.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кытайдын Бишкектеги элчилигинин алдында теракт жасоого катыштыгы бар делгендер Стамбулда жашырынып жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Аталган маалымат Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун кесиптеши Хонянг Ю менен болгон жолугушуусунда айтылды. 

Кытай тараптын сунушу менен уюштурулган жолугушуу учурунда элчилер Түркиядагы абал, акыркы учурлардагы терактылар боюнча пикир алышты. 

"Дипломаттардын айтымында, Кытай элчилигинин алдында жардыруу жасаганга тиешеси барлар Стамбул шаарында жашырынып жүрөт. Жолугушуу учурунда шектүүлөрдү кармоо жолдору талкууланды", — деп жазылат маалыматта. 

Өткөн жылдын август айында Кытай элчилигинде жардыруу болгон. Жанкечти унаасы менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн дарбазасын сүзүп, андан кийин өзү түшкөн автоунааны жардырып жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0