07:35 22 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Япония желеги. Архивдик сүрөт

Кыргызстандан он окуучу Японияга барып окуп келет

© flickr.com / inu-photo
Коом
Кыскача шилтеме алуу
22601

Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сынакка 100дөн ашык окуучу катышып, 10 өспүрүм өтүп кеткен.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандан 10 окуучу Японияга бир жумага барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Япониянын Билим берүү, илим жана технологиялар министрлиги "Sakura Science Plan" программасынын алкагында кыргызстандык мектеп окуучуларына чакыруу жиберген. Анда дүйнө жүзүнөн чогулган 15 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр илим жана технология боюнча окуудан өтөт. 

Мындан улам Билим берүү жана илим министрлиги сынак жарыялап, атайын комиссия түзгөн. Сынакка 100дөн ашык окуучу катышып, 10 өспүрүм өтүп кеткен.

Япония министрлиги аталган чакырууну Кыргызстанга алгачкы жолу жиберүүдө. Буга байланыштуу бир жумалык окутууну толугу менен Япония тарап өз мойнуна алат. Сынактан өтүп кеткен окуучуларды министрликтин бир кызматкери менен бир мугалим коштоп бармакчы.

Белгилер:
мектеп, окуучу, Япония