Бишкек — Стамбул каттамы жөнгө салынды

© AFP / OZAN KOSECильный снегопадов в Стамбуле
Cильный снегопадов в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбул аэропортторунан каттамдарды токтотууга себеп болгон маалыматтар түшпөгөндүктөн, бүгүн Бишкек — Стамбул каттамдары кечигүүсүз аткарылат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бүгүн Бишкек — Стамбул каттамдары өз маалында аткарыларын "Манас" аэропортунан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти. 

Анткен менен таңкы 4.20да Бишкек —Стамбул каттамы менен уча турган учак түрк шаарындагы аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу токтотулган.

"Таңга маал Стамбулга уча турган учак токтотулду. Бирок азыркы учурда Стамбул аэропортторунан каттамдарды кармап туруу же таптакыр токтотуп салууга себеп болгон маалыматтар түшө элек. Ошол себептүү бүгүн каттамдар кадимки тартипте аткарылат. Саат 16.00дө Стамбулга бир каттам бар", — деп айтылат билдирүүдө. 

Эске сала кетсек, кечээ Стамбул шаарында катуу кар жаап жаагандыктан, учактардын учуп-конуусуна тоскоолдук жаралып, Бишкекке уча турган ТК348 рейси токтотулган. Ошондой эле Стамбулдан дагы бир рейс кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0