Ситора: эгер жолдошум шоу-бизнестен кет десе, кетем

© Фото / Миртохир Гулямов"Азия MIX" КВН командасынын катышуучусу Ситора Фармонованын архивдик сүрөтү
Азия MIX КВН командасынын катышуучусу Ситора Фармонованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ситора канча балалуу болгусу келерин жана шоу-бизнеске качан чекит коеру тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. "Азия MIX" КВН командасынын катышуучусу Ситора Фармонова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына КВН оюну бүтсө деле, ырчылык карьерасын уланта берээрин, шоу-бизнести таштабай турганын билдирди.

КВНдин Жогорку лигасында "Азии MIX" командасынын жеңиши өтүп кеткен жылдын маанилүү окуяларынын бири болду. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 31-декабрда команданы "Данакер" ордени менен сыйлады.

Азия MIX командасынын негиздөөчүсү жана капитаны Элдияр Кененсаров маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Элдияр Кененсаров: Эрмек ар дайым көз алдымда болсун деп КВНге тартып алгам
Мындан мурда Sputnik Кыргызстан агенттиги "Азия MIX" командасынын мүчөлөрү Элдияр менен Эрмек Кененсаров, Сергей Душимов, Бактияр Дастанбек уулу жана Аким Карасаевдер менен маек курган. Алар аялдары менен урушуп, унааларын ломбардка таштаган учурлары жана алдыдагы жаңы долбоорлору тууралуу айтып беришкен. 

Ал эми команданын сулуу айымы Ситора Фармонова учурдагы турмушу, алдыдагы пландары тууралуу Таалайбек Ороскуловго кыскача маалымат берди.

Ситора азыркыга чейин команданын жеңишинен ырахат алып жатканын жашырган жок.

© Фото / Ситора ФармоноваСитора Фармонова: азыркыга чейин куттуктоолор келип түшүүдө. Ал эми үйдө илинип турган алтын медалды көргөн сайын сүйүнүп, толкунданып бүтө албай жатам. Ата-энем да бул жеңиш менен абдан сыймыктанып жатышат
Участница Азии MIX Ситора Фармонова - Sputnik Кыргызстан
Ситора Фармонова: азыркыга чейин куттуктоолор келип түшүүдө. Ал эми үйдө илинип турган алтын медалды көргөн сайын сүйүнүп, толкунданып бүтө албай жатам. Ата-энем да бул жеңиш менен абдан сыймыктанып жатышат

"Азыркыга чейин куттуктоолор келип түшүүдө. Ал эми үйдө илинип турган алтын медалды көргөн сайын сүйүнүп, толкунданып бүтө албай жатам. Ата-энем да бул жеңиш менен абдан сыймыктанып жатышат. Айрым адамдар алтын медалды жанынан көргүлөрү келип жатышканын жазып жатышат. Мен аны дайыма мойнума илип жүрө албагандыктан, сүрөткө тартып Instagram баракчама чыгарып койгом", — деди Фармонова.

Ал жөнөкөй адамдар келип куттуктап, ыраазычылыктарын билдирип жатышканын кошумчалады. 

"Жарандар келип Биринчи каналдын КВН оюнунан Өзбекстандын желегин көрүп абдан сыймыктанышканын билдиришти. Бул жеңиш жалпы Борбор Азиянын жеңиши. Мен КВНге туш болгон тагдырыма абдан ыраазымын. Биздин команда чоң үй-бүлө сыяктуу", — деди Фармонова.

Анын айтымында команданын атайын WhatsApp тобу бар. Ал жактан алар баарлашып, жаңылыктар менен бөлүшүп турушат.

"Команда орден менен сыйланганда абдан кубандык. Уктабаган түндөр, көз жаш, тынымсыз даярдык жерде калган жок. Азыр команда менен бирге январь айында Сочиде өтө турган оюнга даярданып жатабыз", — деди Ситора.

КВНчи кыз анын колун сураган жигиттер арбын экенин айтып өттү. 

"Күйөрмандар менен колумду сурагандар толтура. Бирок башка кыздар сыяктуу эле мени ар тараптан колдогон, жүрөгүмдүн ээсин тапкым келет. Ошондуктан азырынча түгөйүмдү таптым, жакында той болот деп ишенимдүү айта албайм", — деди Ситора.

© Фото / Миртохир ГулямовСитора Фармонова: болочоктогу жолдошум Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Россия же Тажикстандан болсун, башкысы ал мусулман болушу керек
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Ситора Фармонова: болочоктогу жолдошум Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Россия же Тажикстандан болсун, башкысы ал мусулман болушу керек

Ал болочок жолдошу кайсы өлкөдөн болбосун башкысы мусулман болоорун баса белгиледи.

"Мен бир нерсени айткым келет. Биз эмнени каалабайлы, эмне жөнүндө кыялданбайлы баары Алланын каалоосу менен гана ишке ашат. Мейли, болочоктогу жолдошум Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Россия же Тажикстандан болсун, башкысы ал мусулман болушу керек", — деди "Азия MIX" командасынын сулуусу.

Снимок с официального сайта Первого канала. Видео финальной игры Высшей лиги Клуба веселых и находчивых - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасынын жеңиши — КВН финалынын толук версиясы
Ситоранын шоу-бизнеске келгенине 19 жыл болуптур, ал бул тармактагы өнөрүн дагы да уланта берет.

"Чыгармачыл адам дайыма изденүүнүн үстүндө жүргөндүктөн жаңы долбоорлор менен иштегенди жактырам. Эртеңки күнү кайсы режиссердон кандай сунуш түшөрүн билбейм, жаңылыктар болуп калса сиздер менен сөзсүз бөлүшүп турам. Учурда ырчылык өнөрүмдү улантууну көздөп жатам", — деп Фармонова өз ою менен бөлүштү.

Ал ошондой эле эгер болочок жубайы шоу-бизнестен кетүүсүн кааласа, жолдошунун оюна каршы чыкпай турганын кошумчалады.

© Фото / предоставлено Ситорой ФармоновойСитора Фармонова: мен балдарды абдан жакшы көрөм. Instagram баракчама катталгандар кичинекей балдар менен түшкөн сүрөттөрүм көп экенин байкашса керек. Үй-бүлөмдө көп бала болушун каалайм
Участница Азии MIX Ситора Фармонова - Sputnik Кыргызстан
Ситора Фармонова: мен балдарды абдан жакшы көрөм. Instagram баракчама катталгандар кичинекей балдар менен түшкөн сүрөттөрүм көп экенин байкашса керек. Үй-бүлөмдө көп бала болушун каалайм

"Мен балдарды абдан жакшы көрөм. Instagram баракчама катталгандар кичинекей балдар менен түшкөн сүрөттөрүм көп экенин байкашса керек. Үй-бүлөмдө көп бала болушун каалайм. Буюрса жолдошума беш уул-кыз төрөп берем(күлүп)", — деди ырчы айым.

Ситора Фармонова "Азия MIX" командасы КВН оюндарын токтоткону менен оюндун катышуучуларынын арасында достук сакталып калаарын белгилеп, бири-бири менен байланышып, жаңы долбоорлорду жаратып турушарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0