Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү үйлүү болушат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСтроительство нового микрорайона "Просторный" в Новосибирске
Строительство нового микрорайона Просторный в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп кабаттуу үй жыл аягына чейин салынып бүтүп, 36 үй-бүлө жаңы батирлүү болорун ЖАМКтан билдиришти.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлдөрү үчүн көп кабаттуу экинчи үйдүн пайдубалына капсула салынганын аталган кызматтан билдиришти.

Дом ребенка в женской исправительной колония № 5 ГУФСИН России по Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Түрмөдөгү үч миңден ашык киши мунапыс менен абактан чыкты
Бул иш-чарага Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров жана аталган кызматтын ардагерлери катышты.

Жумакадыров акыркы жылдары мамлекет күч түзүмдөрүнө көңүл буруп жатканын айтып, бул тармакта иштегендерге социалдык жактан колдоо болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле быйыл бир нече көп кабаттуу үй салына турганын кошумчалады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Жапаров акыркы чейрек кылымдан бери аталган кызматтын кызматкерлери бир дагы батир албаганын өз сөзүндө баса белгиледи.

"Азыр беш кабаттуу үйдүн экинчи пайдубалы тургузулууда. Биринчи үйдү салууга 94,75 миллион сом коротулган. Учурда анын ички иштери жасалууда. Ал апрель айында берилет", — деп айтылат маалыматта.

Экинчи үй жыл аягына чейин салынып бүтүп, 36 үй-бүлө жаңы батирлүү болорун ЖАМКдан билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0