Майып адамдарга ылайыкталган үч түрлүү арабалар алып келинет

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүТакси для инвалидов-колясочников
Такси для инвалидов-колясочников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды камсыздоо үчүн жыл сайын 1000 даана араба алып келүү зарыл.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстанга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташкан үч түрлүү арабалар алып келинет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, аталган министрлик эл аралык "LDS Charities" уюму менен арабаларды алып келүү боюнча келишимге кол коет. Учурда ал документ даярдалууда. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жыл сайын 1000 коляска талап кылынарын белгиледи. 

"Азыр каражат бөлүнүп жаткандан кийин биз ар бирине ылайыктап атайын араба сатып алууну пландап жатабыз. Мындайча айтканда, ар бири керектүү жана муктаждыгына жараша коляска менен камсыз болот", — деди Исакунова.

Келишимдин алкагында майып адамдардын суроо-талабына жараша арабалардын үч түрү келет. Мындан тышкары, Ош менен Бишкек шаарларындагы социалдык кызматкерлер үчүн атайын окутуулар өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0