Антальяда сабалып жолго ташталган кызга операция жасалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовХирург операция учурунда. Архив
Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган кыздын апасы ал октябрь айынын башында Түркияга кеткенин, буга чейин Россиянын Сахалин аймагына чейин барып иштеп келгенин айтып берди.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Түркиянын Анталья аймагынан жол жээгинен эс-учу жок абалда табылган 22 жаштагы кыргызстандык кызга операция жасалганын апасы Адилла Жолдошева Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады. Ал учурда Бишкек шаарында экенин, 7-январда Бишкектен Түркияга уча турганын билдирди.

Декабрь айынын аяк ченинде социалдык тармактарда ооруканада эс-учун билбей жаткан кыздын сүрөтү тараган. Анын жанында эч кандай документи жок экени, абалы оор экени айтылган. ЖМКлардын маалыматы боюнча кыз ур-токмокко кабылган.

Кийинчерээк кыргызстандык кызды сабаган деген шек менен Түркияда эки киши кармалган

"Менин чет жакка чыгуучу паспортум жок болгондуктан Түркияга бара албай жаттым. Эми буюрса 7-январга билет алдым. Кызымдын абалы туруктуу экенин ал жактагы кыздар айтып жатат. Алгачкы кабарды 28-декабрда түнкү саат экилерде уктум…", — деди ал.

Жолдошева анын кызы октябрь айынын башында Түркияга кеткенин, буга чейин Россиянын Сахалин аймагына чейин барып иштеп келгенин билдирди. Ал үй-бүлөдө балдарынын улуусу, андан кийин бир сиңдиси менен бир иниси бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0