Анкарада булгары менен тышталган Куран китебинин кыргызча котормосу басылып чыкты

© Фото / Ферхат ГокчеВыпущенный в Анкаре Коран в конце 2016 года
Выпущенный в Анкаре Коран в конце 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китептин мукабасы калың булгары менен тышталып, сапаттуу кагазга 2000 нуска менен басылган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Анкарада Куран китебинин кыргыз тилиндеги котормосу 2016-жылдын аягында басылып чыгып, Кыргызстанга азырынча анын бир нече нускасы алып келинди. Бул туурасында Spitnik Кыргызстан агенттигине ОшМУнун Теология факультетинин окутуучусу, доцент Тимур Козукулов билдирди.

"Китептин мукабасы калың булгары менен тышталып, сапаттуу кагазга 2000 нуска менен басылды. 1000 китепте Куран жалаң кыргыз тилинде болсо, жарымында араб тилиндегиси кыргызча котормосу менен берилди", — деди Козукулов.

© Фото / Ферхат ГокчеАнкарада Куран китебинин кыргыз тилиндеги котормосу 2016-жылдын аягында басылып чыгып, Кыргызстанга азырынча анын бир нече нускасы алып келинди.
Анкарада Куран китебинин кыргыз тилиндеги котормосу 2016-жылдын аягында басылып чыгып, Кыргызстанга азырынча анын бир нече нускасы алып келинди. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Анкарада Куран китебинин кыргыз тилиндеги котормосу 2016-жылдын аягында басылып чыгып, Кыргызстанга азырынча анын бир нече нускасы алып келинди.
© Фото / Ферхат ГокчеКурандын котормосу мурдагы басылыштан алынганын айткан доцент мында китеп эч кандай өзгөртүүгө учурабай жарык көргөнүн айтты.
Курандын котормосу мурдагы басылыштан алынганын айткан доцент мында китеп эч кандай өзгөртүүгө учурабай жарык көргөнүн айтты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Курандын котормосу мурдагы басылыштан алынганын айткан доцент мында китеп эч кандай өзгөртүүгө учурабай жарык көргөнүн айтты.
1/2
Анкарада Куран китебинин кыргыз тилиндеги котормосу 2016-жылдын аягында басылып чыгып, Кыргызстанга азырынча анын бир нече нускасы алып келинди.
2/2
Курандын котормосу мурдагы басылыштан алынганын айткан доцент мында китеп эч кандай өзгөртүүгө учурабай жарык көргөнүн айтты.

Курандын котормосу мурдагы басылыштан алынганын айткан доцент мында китеп эч кандай өзгөртүүгө учурабай жарык көргөнүн айтты. 

"Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садыбакас Доолов жана Садык Гавай 2006-жылы которгон. Алардан уруксат алып, кайрадан Түркия Дин иштери башкармалыгынын жардамы менен бастырттык. Эч кандай оңдоо-түзөө киргизген жокпуз, китепти басмага даярдоодо техникалык жактан гана текшерип, карадык. Мындай сапаттагы Куран китеп бизде алды кийин басылган эмес", — деди Козукулов.

Техникалык редактор катары ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары Ферхат Гөкче жана факультеттин окутуучулары Бегалы уулу Заурбек, Марат Садырбеков бир жылга чукул иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0