Кыргызстандык жаран Стамбулдагы терактыга тиешеси жок экенин айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с видеохостинга Bulbul.kg пользователя turmush. 28-летний гражданин Кыргызстана Яхья Машрапов
Снимок с видеохостинга Bulbul.kg пользователя turmush.  28-летний гражданин Кыргызстана Яхья Машрапов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда терактыны 28 жаштагы кыргызстандык Яхье Машрапов жасашы мүмкүн деген маалыматтар таркап жатат. Анын атына жазылган паспорт Түркиянын TRT World мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 3-янв. – Sputnik. Стамбулдагы терактыны жасады деп айтылып, паспорту түрк жана дүйнөлүк басылмаларга жарыяланып кеткен кыргызстандык Яхье Машрапов ага карата айтылган айыптоолорду четке какты. Бул тууралуу Turmush жазып чыкты. 

Снимок с социальной сети twitter пользователя Michael Horowitz. Паспорт 28-летний гражданин Кыргызстана Яхья Машрапов (Iakhe Mashrapov) - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы теракт: согушкердин КР паспорту боюнча маморгандар үн катты
Учурда терактыны 28 жаштагы кыргызстандык Яхье Машрапов жасашы мүмкүн деген маалыматтар таркап жатат. Анын атына жазылган паспорт Түркиянын TRT World мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн. Документ 2016-жылдын 21-октябрында Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилген.

Маалыматка караганда, Яхья Машрапов учурда Кыргызстанда. Ал бүгүн эртең менен саат 7.00дө Түркиядан “Манас” аэропортуна учуп келген.

Интернетте пайда болгон маалыматка байланыштуу, УКМКнын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү Яхе Машраповдун Кара-Суу шаарындагы үйүнө барышкан. Алар УКМКнын райондук бөлүмүнө алып барып сурак жүргүзүшкөн.

"Натыйжада аталган жаран Түркиядагы терактыга эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталган", — деп жазды Turmush.

Ал эми Яхье өзү терактыга эч кандай тиешеси жок экендигин белгиледи.

“Мен 1-январда Бишкектен Стамбулга учуп, соодага байланыштуу иштерди бүтүргөм. Андан кийин Стамбулдун аэропортуна келип самолетко отурганда укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, мени учактан түшүрүп калышты. Бир саат бою сурак жүргүзүштү. Буга байланыштуу Бишкекке кетчү учак бир саатка кармалды. Алар мени Стамбулдагы терактка байланыштуу суракка алып жатышканын түшүндүрүп, шектүүгө бир аз окшош экенимди айтышты. Кийин кечирим сурап учакка отургузушту”, — деп билдирди Машрапов.

Ал ошондой эле Түркияда теракт жасоого шектелип изделип жаткан жаранды тааныбай турганын кошумчалады.

Машрапов 28-декабрда Стамбулга учуп кеткен. Ал эми 30-декабрда мекенине кайтып келген. 31-декабрда Кыргызстанда болуп кайра 1-январда Стамбулга жөнөп кеткен. Мекенине 3-январда кайтып кайткан.

Окуя болгон жердеги тез жардам автоунаалары - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдун клубунда тирүү калган жаран: мага ок чыгарса дагы кыймылдаган жокмун
УКМК Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жаран суракка алынгандыгын ырастады. Бирок толук маалыматты кийинчерээк кабарлашарын билдиришти.

Белгилей кетсек, Стамбулдагы Reina түнкү клубуна жаңы жыл түнү куралдуу кол салуу болгон. Террорист клубду кайтарган полиция кызматкерин атып салган. Андан кийин 700 адам эс алып жаткан клубга кирип барып элди карай ок чыгарган. Түркиянын ИИМнин маалыматына караганда, 39 адам каза таап, 69 жаран ар кандай жаракат алган. Кол салган жаран азыркыга чейин изделип жатат.

Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, терактынын жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” террордук уюму өз мойнуна алган.

Кыргыз паспортунун беделин түшүргөн фактылар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0