Москва: кыргызстандык жаран балаты майрамындагы башаламандыкты жөнгө салды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖаңы жылдык майрамдагы Аяз ата. Архив
Жаңы жылдык майрамдагы Аяз ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгисиз жаран балдар үчүн алынган бир коробка таттууларды көшөгө артынан көтөрүп чыгып залда отургандарга тарката баштаган.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Москвадагы мигранттардын балдары үчүн уюштурулган жаңы жылдык майрам аз жерден ызы-чууга айланып кете жаздаганын ыктыярчы Валентина Чупик билдирди. 

Анын айтмына караганда, белгисиз жаран балдар үчүн алынган бир коробка таттууларды көшөгө артынан көтөрүп чыгып залда отургандарга тарката баштаган.

"Ал таттууларды кыргызстандыктарга гана таркатып жатты", — деп Чупик өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

Жаңы жылдык балатыдагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каникул учурунда баланы кайда жана канча сомго эс алдырса болот
Мындай кадамга барган бейтааныш жаран ашыкча белек алган ата-энелерге тез арада үйлөрүнө кетүүнү буйруган. Буга байланыштуу Тажикстан, Молдова жана Өзбекстандын балдары белексиз калышкан. 

"Бул адамдын жоругу бүтүндөй кыргыз элин жаманатты кыла албай турганын белгилегим келет. Анын мындай кадамы өзүнө гана тиешелүү. Кыргыз эли башка дүйнө элиндей эле боорукер, тарбиялуу, ак ниет келет", — деп Валентина Чупик жазып чыкты. 

Ушундай окуя болгону тууралуу социалдык тармактан окуп калган Эльмар Султанов аттуу кыргызстандык жаран көйгөйдү чечүү максатында белек жетпей калган 48 балага таттуу алуу үчүн ыктыярчылардын эсебине акча которгон. 

"Балдар белексиз калганы мени абдан капалантты. Мыдай жорукту башка улуттун өкүлү жасаган күндө дагы мен жардамымды аямак эмесмин. Балдардын улуту жок. Алар балдар", — деп Sputnik агенттигине Султанов билдирди. 

Мындан тышкары, жардам берүү сунушу менен Россия, Белоруссия, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары кайрылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0