Дарыгер: жаш кыздар арасында кандидоз илдетине кабылгандар көп

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүАкция "Операция улыбка" в Грозном
Акция Операция улыбка в Грозном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин студенттик поликлиникасынын гинекологуна жардам сурап кайрылган кыздардын 30 пайызы молочница менен жабыркашат.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бишкекте жаш кыздар арасында кандидоз (молочница) илдетине чалдыккандар көбөйүп кеткенин студенттик поликлиниканын акушер-гинекологу, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, гинекологдун жардамын сурап кайрылган кыздардын 30 пайызы молочница менен жабыркагандар.

"Студенттик курактагы кыздардын молочницага көп кабылып жатканы жаштардын иммунитетинин түшүп кетиши менен байланыштуу. Биздин байкоолорго караганда акыркы жылдарда жаштар арасында стресске чалдыккандар көбөйдү. Стресс адамдын иммунитетин төмөндөтөт. Ал эми молочницаны чакырган кандида грибогу алсыз организмде өтө бат өрчүйт", — деди Мадраимова. 

Дарыгердин маалыматына караганда молочницаны чакырган кандида грибогу ар бир адамдын организмде белгилүү өлчөмдө кездешет. Ал грибок башка бактерияларга кошулуп көбөйүп кеткенде молочница оорусу пайда болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0