Стюардесса: учак кулап баратканда кыйналбай өлсөм экен деп тиледим

© Sputnik / Табылды КадырбековСтюардесса авиакомпании "Эйр Манас" Назгуль Байжанова
Стюардесса авиакомпании Эйр Манас Назгуль Байжанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таңга маал Москвада, түштө Парижде, ал эми кечки тамак Лондондо. Болгондо дагы койкоюп кийинип алып, учакта кызмат кылуу. Кыскасы жумуш эмес эле, өзүнчө ырахат, тагдырдын жагымдуу белеги.

Участница Азии MIX Ситора Фармонова - Sputnik Кыргызстан
Ситора Фармонова: убадалагандай эле эми турмушка чыгам
Албетте, борт коштоочусу болгон стюардессанын жумушуна кызыккандар көп. Атургай сырттан караган кишиге жүргүнчүлөргө чай куюп берип коюп эле дүйнө кыдырып жүргөндөй сезилет. А чындыгы кандай? Бул кесипти жети жылдан бери аркалап жүргөн Назгүл Байжановадан сурадык.

Назгүл Кыргызстандагы авиакомпаниялардын биринде борт коштоочу болуп иштейт. Мен аны менен 5 жыл мурда президенттик учактан таанышкам. Алгач жайдары мүнөзүн, сылыктыгын, элпектигин көрүп, балким өлкөнүн №1 бортундагы талаптарга ылайык өзүн ушинтип алып жүрсө керек деп ойлогом. Бирок кийинчерээк кызматынан сырткары деле өтө жаркын адам экенин көрдүм. 

— Назгүл, жаңы жылды асмандан тоскон учурлар болду беле? 

— Быйылкы 2017-жылды асманда тостум, башында жаңы жыл күнү учарымды билгенде аябай кейигем. Бирок ойлонуп көрсөм, мага кайра жакшы болот экен. Жылды кандай тоссоң, аягына чейин ошондой болот деп коюшат го. Демек жыл бою сүйүктүү ишим менен алектенет экенмин деп жоруп койдум. Экинчиден, майрам күндөрү жүргүнчүлөр дагы жакшы маанайда болуп, учактын ичинде өзгөчө атмосфера жаралат. 

Готовимся к рейсу)

Фото опубликовано Nazgul Baizhanova (@baizhanova_nazgul) Авг 12 2016 в 1:59 PDT

— Бул кесипти кандайча тандап калдыңыз?

Тажрыйбалуу бортинженер Үрүстөм Жусупбеков - Sputnik Кыргызстан
Бортинженер: ажо менен өкмөт мүчөлөрүнүн абадагы коопсуздугу бизден көз каранды
— Кичине кезимде аэропортко ата-энемдин досторун, туугандарды узатып көп барып калдык. Жаныбыздан экипаж мүчөлөрү өтүп кеткенде тээ алыска узап кеткенге чейин артынан карап калчумун. Формачан стюардессалар көзүмө абдан жакшынакай көрүнчү. Бирок мектепти бүткөндө дароо эле стюардесса болом деп чечкен жокмун. Башка кесипти көздөп, жогорку окуу жайларга барсам, улам бир шылтоону айтышып, документтеримди кабыл албай коюшкан. Ошол күндөрү капысынан эле стюардесса кыз менен таанышып калдым. Баягы бала кездеги кыялым эсиме түшүп, Авиациялык окуу жайга тапшырдым. Буйрук болсо керек, ден соолугум 100 пайыз таза болуп чыгып, документтеримди дароо кабыл алышты.

— Канча жылдан бери учуп жүрөсүз? 

— Быйыл сегиз жыл болду. 

— Биринчи учканыңыз эстеби?

— Албетте, эсимде, ал күнү учакты түбөлүккө сүйүп калгам. Биринчи жолу Бишкек — Ош — Бишкек каттамы менен учкам. Учак көтөрүлгөндө аябай коркком. Бир нече мүнөт өткөндөн кийин тажрыйбалуу стюардессалар келип "жүрү, иштейли" деп чакырып калды. Ошентип элге аралашып, коркунуч жоголуп кетти. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСтюардесса Назгүл Байжанова: быйылкы 2017-жылды асманда тостум, башында жаңы жыл күнү учарымды билгенде аябай кейигем. Бирок ойлонуп көрсөм, мага кайра жакшы болот экен. Жылды кандай тоссоң, аягына чейин ошондой болот деп коюшат го. Демек жыл бою сүйүктүү ишим менен алектенет экенмин деп жоруп койдум
Стюардесса авиакомпании Эйр Манас Назгуль Байжанова - Sputnik Кыргызстан
Стюардесса Назгүл Байжанова: быйылкы 2017-жылды асманда тостум, башында жаңы жыл күнү учарымды билгенде аябай кейигем. Бирок ойлонуп көрсөм, мага кайра жакшы болот экен. Жылды кандай тоссоң, аягына чейин ошондой болот деп коюшат го. Демек жыл бою сүйүктүү ишим менен алектенет экенмин деп жоруп койдум

Кайра Бишкекке конгондон кийин толкунданганымдан үйгө, апама такыр жетпейм десеңиз. Үйгө кирерим менен апама "болду, мага эч нерсенин кереги жок, мен учам. Акча төлөшпөсө дагы мейли, авиакомпанияга өзүм төлөсөм дагы учам" деп айттым. Чынында эле ошол маалда мага форма кийип, жасанып алып иштеп жүргөндөн өткөн эч нерсе жоктой сезилген.

— Учакта ар дайым жылмайып жүрүү оңой болбосо керек? 

— Чынында ар кандай жүргүнчүлөр болот. Бирөөлөр чындап эле бир нерсеге нааразы болсо, башкалар жөн эле урушкусу келе берет. Андайда биринчиден жылмайып, адамдын көңүлүн жайгарууга аракет кыласың. Анан кийин эмне көйгөй болсо аны чечүүгө киришебиз. Айрым учурда аракетиңди көргөн жүргүнчүлөр түшүнүү менен кабыл алып, унчукпай калышат.

— Жеке мамиле курууда кесибиңиздин ролу кандай? Стюардессаларга кызыккан жигиттер көп болсо керек?

— Ишенсеңер, акыркы учурда мен таанышкан жигиттерге стюардесса экенимди айткым да келбей калды. Анткени, стюардессамын десең эле супер моделди көргөндөй өзгөрүп, жасалма мамиле кыла башташат. 

— Балким сизге жагынуунун жолун издеп жатышкандыр? 

— Балким, бирок мага кесипке карап эмес, жеке сапаттарга баа берген адамдар жагат. 

— Кепти бир аз башка нукка турсак. Сиз учкан учактарда авариялык кырдаалдар түзүлгөн учурлар болду беле? 

— Болгон. 2012-жылы башка авиакомпанияда иштечүмүн. Учагыбыз Ош аэропортуна коно албай, кулап түшкөн. Бактыга жараша, эч кимибиз эч нерсе болгон жокпуз. 

— Учак кулап баратканын билгенде кандай сезимдер болду?

— Өлүмдөн качып кутула албай калганыңды түшүнүп, кыйналбай өлсөм экен деп тилегем. Денем күйүп, айланадагылар кыйналып жатканын көрбөй, көзүмдү жумган бойдон жок болуп кетсем экен деп Кудайдан сурандым. Бир убакта командирдин учак токтоду деген үнүн уктук. Карасам барыбыз отургучтарда коопсуздук курун тартынган бойдон башыбыз жерге салаңдап илинип турган экенбиз. Акырындан курларды чечип, жерге кулап түшүп аттык. Учактын эшигин ачканда асманды карап "Рахмат, рахмат…" деп канча жолу айтканым эсимде жок. 

Кыргызстандагы Тамчыдагы аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жердин үстү, көктүн алды менен... Жарандык авиациянын жагдайы
Ушул жерден элибиздин токтоолугуна ыраазы болдум, эч ким кыйкырбай, ыйлабай, бири-бирин тебелеп паникага алдырбай, кезек-кезеги менен бат эле сыртка чыгып кетишти. Анан сыртка чыккандан кийинки эмоцияларды көрүп алгыла. Капкара болуп, чалкасынан жаткан учакты көргөндө айрымдар бакырып ыйлай башташты. Тааныса-тааныбаса дагы бири-бирин кучактап алып куттуктап жатышты.

— Бул окуядан кийин ата-энеңиз ишиңизге каршы чыгышкан жокпу?

— Ата-энемден биринчи өзүм катуу коркуп калыптырмын. Бир ай бою учкан жокмун. Бирок жакшы көргөн жумуштан баш тартуу кыйын экен. Болбой эле кайра иштей баштадым. 

— Сиз президенттик бортто дагы иштеп жүрдүңүз. Өлкөнүн биринчи адамы учкан учакта иштөөнүн өзгөчөлүктөрү барбы?

— Башында президент менен учкан кыйын болсо керек деп ойлочумун. Бирок ал биздей эле адам экен. Президент менен учуунун чоң айырмасы жок, болгону жүргүнчүлөргө кичине көбүрөөк көңүл бурасың. 

— Кыргызстанда стюардессага жумуш табуу оңойбу?

— Азыр Кыргызстанда акырындык менен авиакомпаниялар көбөйүп баратат. Андыктан стюардесса болом деген кыздар жакшылап аракет кылса болот. Жумушка орношуу үчүн дипломуң болуп, бир нече тилде эркин сүйлөшүң керек. Анан, албетте, ден соолугуң чың болушу зарыл. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНазгүл Байжанова: башында президент менен учкан кыйын болсо керек деп ойлочумун. Бирок ал биздей эле адам экен. Президент менен учуунун чоң айырмасы жок, болгону жүргүнчүлөргө кичине көбүрөөк көңүл бурасың
Стюардесса авиакомпании Эйр Манас Назгуль Байжанова - Sputnik Кыргызстан
Назгүл Байжанова: башында президент менен учкан кыйын болсо керек деп ойлочумун. Бирок ал биздей эле адам экен. Президент менен учуунун чоң айырмасы жок, болгону жүргүнчүлөргө кичине көбүрөөк көңүл бурасың

— Ден соолук демекчи, ар бир учуу алдында медициналык кароодон өтсөңөр керек, ээ? Текшерүү учурда эмнелерге көңүл бурулат? 

— Ооба, аэропорттон медициналык кароодон өтөбүз. Дарыгерлер кан басымын, жүрөктүн согушун текшерет. Акыркы учуудан 12 саат өтпөсө учууга уруксат бербейт. 

— Спирт ичимдигин ичкен учурлар билинип калсачы?

— Ичимдик ичкен адамга 48 саат өткөндөн кийин гана учууга жол берилет. Бирок биз күндө учуп тургандыктан ичимдик ичүүгө убакыт жок (күлүп). 

— Чет өлкөлүк авиакомпанияларга иштөөгө аракет кылып көрдүңүз беле? 

— Араб Эмираттарынын бир компаниясына мурда чакырышкан, макул болгон эмесмин. Бирок жанагы мен айткан авиакырсыктан кийин ошондо кетип калбаганыма көпкө өкүнүп жүрдүм. Азыр андай өкүнүч жок. Убакыт өткөн сайын мекениңден кеткиң келбей калат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0