Атамбаев терактыдан улам Түркиянын президенти Эрдоганга көңүл айтты

© REUTERS / OSMAN ORSALЖардыруу болгон жердеги полиция кызматкерлери
Жардыруу болгон жердеги полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл түнү Стамбулдагы түнкү клубдардын бирине куралдуу кол салуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 39 кишиге жеткен.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев түнкү клубдардын бириндеги куралдуу кол салуудан улам Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Предновогодняя Москва - Sputnik Кыргызстан
КРдин Россиядагы элчилиги жарандарды сак болууга чакырат
Белгилей кетсек, жаңы жыл түнү Стамбулдагы түнкү клубдардын биринде куралдуу кол салуу болуп, анын кесепетинен ондогон кишилер каза болгон. Санта Клаустун формасын кийген киши автомат менен клубдагыларды аткылаган. Акыркы маалыматтар боюнча бул кол салуунун курамандыгы болгондордун саны 39 кишиге жеткен. Стамбулдун губернатору Васип Шахин кол салууну жалгыз киши жасаганын билдирген.

"Террордук аракеттин кесепетинен көп сандаган кишилердин каза болгону боюнча маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан бул террордук аракетти кескин сындайт", — деп айтылат президенттин телеграммасында.

Атамбаев ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя болгон түнкү клубда кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатат. Буга чейин Ош шаарынын тургуну делинген киши өзүнүн Twitter баракчасына окуя болгон учурда клубда болгонун жазган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0