Жаңы жылдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан дээрлик беш КамАЗ таштанды чыгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТазалык ишканасынын кызматкери жумуш учурунда. Архив
Тазалык ишканасынын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жылды тосуу үчүн борбордук аянтка миңдеген киши келген.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жаңы жыл майрамы белгиленгенден кийин борбордук "Ала-Тоо" аянтынан 45 кубометр таштанды чыккан. Бул дээрлик беш КамАЗга барабар экенин мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Борбордук аянтты тазалоо иштери түнкү саат 2.00дө башталап, таңкы бешке чейин созулду", — деп айтылат маалыматта.

"Тазалык" ишканасынын 60 кызматкери аянтты тазалаган. Ошондой эле жети атайын техника жана эки трактор тартылган.

31-декабрдын түнү "Ала-Тоо" аянтында шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулган. Саат 12.00дө майрамдык салют атылып, ал сегиз мүнөткө чейин созулган. Аны көрүү үчүн миңдеген киши аянтка келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0