Статком: 15-17 жашында эне болгондордун саны өсүп жатат

© AFP / FRED DUFOURЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми биринчи ирет төрөгөн кыргызстандык энелердин орточо жашы 23 жаш деп эсептелип чыкты.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 10 жылдан бери кыздардын 15-17 жашында төрөгөн тенденциясы улам өсүп келет, акыркы маалыматтарда 1000 аялга жети бала туура келген. Бул туурасында Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

"Эгерде он жыл мурда 15-17 жаштагы 1000 аялга 4,4 бала туура келсе, 2015-жылы мындай көрсөткүч 7ге өскөн. Бул эрте жашында эне болгон кыздардын жалпы орто билим алуусун чектейт", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, 18-19 жаштагы келиндердин арасындагы төрөт көбөйүп, 1000 энеге 92,5 наристе туура келген.

Кыргызстанда 2015-жылы энелердин төрөгөн орточо курагы 28 жашты түзгөн. Ал эми биринчи ирет төрөгөн кыргызстандык энелердин орточо жашы 23 жаш деп эсептелинди.

Жаңылыктар түрмөгү
0