Жаңы жылга карата Бишкектин эки көчөсү айтылган сааттан эрте жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПерекрытие улиц на Новый год в Бишкеке
Перекрытие улиц на Новый год в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-декабрда саат 12.00дөн 15.00гө чейин Ала-Тоо аянтында шаардыктар үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Ал эми саат 20.00дө жаңы жылдык концерт башталып, ал түн ортосунда салют менен аяктайт.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүн жабууда бир нече өзгөртүүлөр болгонун Кайгуул милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Таалайбек Бугубаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Киев жана Абдымомунов көчөлөрү саат 15.00гө чейин жабык болот. Буга чейин аталган көчөлөрдү саат 17.00дө жабуу пландалган.

Новый год в Перу - Sputnik Кыргызстан
Чабан Аяз ата, күрүч кеме, саман куурчак — Жаңы жылды дүйнө эли кантип тосот
Мэриядан маалымдашкандай 31-декабрда саат 12.00дөн 15.00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Ал эми саат 20.00дө жаңы жылдык концерт башталып, ал түн ортосунда салют менен аяктайт.

Бугубаевдин айтымында, Чүй проспектисинин Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 8.00дөн тарта жабылган. Чектөө 1-январда алынат. Ал эми Абдымомунов көчөсүнүн Раззаковдон Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү дагы автоунаалар үчүн жабык болот.

Белгилей кетсек, Чүй проспектисинин аталган бөлүгү атайын бетон тосмолор менен тосулду.

Ал ошондой эле Киев көчөсүнүн жабылышы троллейбус менен автобустардын жүрүүсүнө эч кандай таасир бербей турганын кошумчалады. Ал эми саат 15.00дөн тарта маршраткалардын жүрүшүнө тыюу салынат.

Бишкекте өтө турган жаңы жылдык иш-чаралардын программасын Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0