Салык кызматы электрондук журнал чыгарды

© Фото / пресс-служба ГНС КРПервый номер электронного журнала "Налоговый вестник"
Первый номер электронного журнала Налоговый вестник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук журналды каалаган учурда колдонууга жана ыңгайлуулук үчүн компьютерге көчүрүп алууга болот.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы "Салык кабарчысы" аталышындагы электрондук журнал чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, журнал ар бир квартал сайын Салык кызматынын сайтына чыгып турат. 

"Бул Салык кызматынын тарыхындагы биринчи журнал. Ал бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү. Эми жарандар керектүү маалыматты алуу үчүн убактысын кетирип ар кайсы жактан издебей, сайттан эле алып алса болот. Журналда Салык кызматына тиешелүү бардык маалыматтар камтылган ", — деп айтылат маалыматта. 

Электрондук журналды каалаган учурда колдонууга жана ыңгайлуулук үчүн компьютерге көчүрүп алууга болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0