Жумуштан мыйзамсыз алынган майыптар кайтадан жумушка орноштурулду

Жазылуу
Талас менен Жалал-Абадда майып адамдардын кызматтан негизсиз алынганы аныкталган.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жумуштан мыйзамсыз алынган бир нече майып киши прокуратуранын кийлигишүүсү менен кайтадан жумушка орноштурулганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстанда 172 миң майып киши бар. Алардын 28 миңи — балдар. 

"Алар өз укуктарынын бузулушуна көп кириптер болушат. 2016-жылы майыптардын укуктарынын сакталышы боюнча прокуратура 103 жолу текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 138 мыйзам бузуу аныкталып, 91 кызмат адамы жазаланган. Андан сырткары, эки кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.

Баткенде өрт жалмаган үйдүн жашоочулары бир бөлмөдө баш калкалап отурат - Sputnik Кыргызстан
Өрт жалмаган үй. Майып эне, айыл өкмөттөн жардам күткөн бүлө
II топтогу майып "Түндүкэлектр" ААКтын филиалынан эмгек мыйзамын одоно бузуу менен кызматтан алынган. Талас облустук прокуратурасынын кийлигишүүсү менен ал кызмат ордуна кайта алынганы айтылды.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы райондун Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктаган. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде беш майып киши кызматка орноштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0