Эл өкүлдөрү: мамлекеттик символиканы колдонууда бирдиктүү талап жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мамлекеттик туусу. Архив
Кыргызстандын мамлекеттик туусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү азыркы учурда мамлекеттик символика боюнча так эталон жок экендигин айтып чыгышты. "КРдин мамлекеттик символдору жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеште мамлекеттик символдордун эталондук стандарттарынын сакталышын камсыз кылуу мыйзамы каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРдин Жогорку Кеңешинин сайтында маалымдалды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мелис Эржигитов: биометрикалык паспорт берүү саясатташып кетти
Демилгечилердин айтымында, азыркы учурда мамлекеттик символика боюнча так эталон жок экени аныкталган. Алсак, мамлекеттик символиканы колдонууда бирдиктүү талаптар жана дизайн эске алынбастан, көптөгөн ар түрдүү варианттарды пайдаланууга жол берилет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик символдордун эталондук үлгүлөрүн белгилүү бир жерде сактоо, аны мыйзамда так аныктоо зарылдыгы бар. Ошондон улам мамлекеттик символиканын бир түрдүү болуусунун зарылчылыгын эске алып, КР өкмөтүнө мамлекеттик символиканын техникалык параметрлерин кеңири сүрөттөгөн "Мамлекеттик символиканын эталондору тууралуу" укук ченемдик документти кабыл алуу сунушу берилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0