Бишкекте жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнгө чейин иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы шаар жашоочулары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы шаар жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл түнү автобус менен троллейбустар жүргүнчүлөрдү түнкү 1.00гө чейин ташыйт.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 31-декабрь күнү бардык коомдук транспорттор элди түнкү саат 1.00гө чейин ташыйт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Борбордук аянттын аймагындагы Чүй проспектиси менен Киев, Абдымомунов көчөлөрү жабылат. Бирок автобус менен троллейбустар үчүн Киев көчөсү ачык болот. 

Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тез жардам кызматы жаңы жыл түнү күчөтүлгөн режимде иштейт
Жарандардын коопсуздугун 1500 милиционер көзөмөлгө алат. Өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекциянын кызматкерлери жаңы жылдык майрам күнү балдарын жоготуп алгандарга жардам көрсөтөт. Борбордук аянтта Тез жардам кызматынын эки бригадасы менен өрт өчүрүү кызматынын бир унаасы күзөттө турат. 

31-декабрь күнү жарандар үчүн майрамдык программа өткөрүлөт. Анын биринчи бөлүгү 12.00дө башталып 15.00гө чейин созулат.

Кечки бөлүгү 20.00дө башталып 00.00дө майрамдык салют менен аяктайт.

Бишкекте өтө турган жаңы жылдык иш-чаралардын программасын Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0