Ара-чолодо ала койчу белектер. Кыргызстанда Жаңы жылга эмне белек беришет

Жазылуу
Тизмеде гаджеттерден тарта кийим, момпосуйларга чейин бар. Кыргызстандыктар майрамдарда жакындары эмне белек берерин жана канча акча короторун Sputnik Кыргызстан жасаган материалдан окусаңыз болот.

Редакция бир нече дүкөндөр менен бишкектиктерге сурамжылоо жүргүзүп, жоопторду тең салмактап, байкаштырып көрүп, жаңы жылдык белектердин рейтингин түздү. Чоңдор менен кошо кичинекейлерди да сурамжылоого тарттык. 

1. Гаджеттер менен девайстар. Пайдалуу, чаң басып тура бербейт. Кыргызстандыктардын көбү 5 миң сомдун тегерегиндеги жөнөкөйүрөөк мобилдик телефондор менен планшеттерге басым жасайт. Девайстар боюнча айта турган болсок, 500 сомдун ары-бери жагындагы кулакчындар менен Power Bank техникалары көбүрөөк алынат. 

2. Кийимдер менен майда буюмдар. Бул майрамга карата мекендештерибиз жылуу буюмдарды — токулган кийимдерди, топуларды жана моюн орогучтарды алат. Же болбосо мурдараак алып коюп, ылайыгы келгенде берүү деле кадыресе көрүнүш. Мындай белектердин баасы 2000 сомдон ашпайт.

Аяз ата жана аяз кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар менен ырчылар Аяз атага кат жазды
3. Момпосуй, шоколаддар. Буларды балдарга берүү адаттагы эле көрүнүш деңизчи. Ата-энелердин көбү Аяз ата менен Аяз кыздын сүрөтү түшкөн баштыктарга салып, балдарга татуу белектерди өздөрү жасаганды жактырат. Ага момпосуйлардан сырткары, жер-жемиш, жаңгактарды кошо салат. Буга орто эсеп менен 500 сомго жакын акча кетет. Албетте, кичине креатив жана фантазия белектин көркүн чыгарат.

4. Атыр жана косметика. Мындай белектерди адатта кыз-келиндер бири-бирине берет. Себеби, эркектер калкы аялдардын атырын анча айырмалап биле беришпейт эмеспи. Айтмакчы, негизинен, асманды анча чапчыбаган атырларды тандашат. Андан сырткары, кирпик боёгон туштар, бетти кызарта турган же сурма менен көздүн тегерегине коюла турган боёктордун (тень) топтому. Андан да арзаныраагы — бет майлар, кол майлар жана сууга түшкөндө керек болгон жуунуучу каражаттар. Буга миң сомдон ашык жумшабайсыз.

5. Зер буюмдар. Кыз-келиндер алтын менен күмүштү жаңы жылдык майрамга көбүрөөк тагынып барат. Баркыт кутучага салынган шакек, сөйкө, моюнга тагынган чынжырча жана билериктер белектин көркүн ачат. Буга орто эсеп менен 3 миң сомго жакын каражат коротууга болот. 

6. Майрамдык сертификаттар. Бул белектерди тапшыргандар дүкөн кыдырып, убактысын кетирбейт же эмне тандасам деп баш оорутпайт. Буга сиз 500 сомдон тарта андан өйдө акча коротосуз. 

7. Идиш-аяк жана үй буюмдары. Булар ар дайым кызыгууну жараткан белектер. Кыргызстандыктар сүлгү, мискей, шейшептер эч качан ашык болбойт деп эсептешет. Буга чөнтөктөн 2000 сомдон ашык акча коротпосоңуз да болот. 

Жаңы жылдык маанай: ырчылар Кыргызстанды куттукташты - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылдык маанай: ырчылар Кыргызстанды куттукташты
8. Оюнчуктар. Ата-энелер Аяз Атаны жерден чукул болсо да "таап", баласынын жазган каалоосун аткарат. Балатынын тегерегине алар кандай оюнчуктарды даярдап коёрун так айтуу кыйын. Себеби ата-эне менен балдардын суранычы ар кандай болот эмеспи, бирок негизинен оюнчуктар экени талашсыз. Эми бул жерде канча акча кетери ата-эненин чөнтөгүнө жараша болорун айтсак, жөндүү болчудай. 

9. Каникулдагы айылчылоо. Кыргызстандыктардын бир катары жакындарынын маанайын көтөргүсү келет. Кээ бирлери санаторийлерге жолдомо алып берсе, бир катарлары айылга сапар алышат, үчүнчүлөрү тоого лыжа тээп, сноуборд менен секиргени жөнөйт. Буга орточо эсеп менен 10 миңден 30 миңге чейин акча кетет.

10. Шарап, арак, ичимдиктер. Жаңы жылга саналуу сааттар калганда ажат ачкан белектер — шампан, коньяк же шарап. Адатта, арбыныбыз белек алууну да акыркы сааттарга калтырат эмеспизби. Жаңы жылдык деп эсептелген "Советское" деп аталган шампанды 300 сомго аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0