Чүй, Талас облустары менен Бишкектин айрым жерлеринде 28-декабрда жарык болбойт

© AFP / ROMEO GACADОтключение электричества в Янгоне, Мьянмар
Отключение электричества в Янгоне, Мьянмар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өчүрүүлөр жабдыктар менен электр түйүндөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

БИШКЕК, 27-дек, — Sputnik. Чүй, Талас облустарынын жана Бишкектин айрым жерлеринде 28-декабрда оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тест: канткенде электр энергиясына аз акча төлөй алабыз
Маалыматка ылайык, борбор калаанын Кара-Жыгач, Ак-Тилек, Келечек, Ак-Ордо, Ала-Тоо-2 жана Ала-Тоо-3 жаңы конуштарында, Жал кичи районунда, Медеров, Панфилов, Горький, Чехов, Темиров, Интергельпо, Трудовая, Кумарыксая, Мозолев жана Ашхабад көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт.

Ошондой эле кырсыктарды алдын алуу максатында Чүй облусундагы Арашан, Кой-Таш, Рассвет, Асыл-Баш, Романовка, Новопавловка, Ак-Жол, Алчалуу, Султан, Талды-Булак, Кара-Ой, Совет, Дөң-Арык айылдары менен Кара-Балта шаарынын айрым көчөлөрүндө электр энергиясы жок болот.

Андан сырткары Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаева айылында дагы электр энергиясы үзүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0