Инспекция: Ош базардагы эт аянтчасы 1,5 млн. жаранды тейлей албай жатат

Жазылуу
Ош базарындагы эт аянтчасы 500-600 миң жаранга гана ылайыкталган.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Ош базарынын ичиндеги эт сатуу аянтчасы 1,5 миллион адамды тейлегенге күчү жетпей калды. Бул тууралуу КРдин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Аширбай Жусупов билдирди.

Анын айтымында, аталган эт аянтчасы 500-600 миң жаранга гана ылайыкталган.

"Бүгүнкү күндө Бишкекте 1,5 миллион адам жашайт. Мындан сырткары, шаарда соода түйүндөрү дагы көбөйдү. Ошондон улам, талаптарга жооп бербеген, лабораториянын көзөмөлүнөн өтпөгөн стихиялык соода-сатык күчөп кетти. Элдин талабына жооп берген заманбап эт, сүт багытындагы базар ачпаса болбойт. Эгер андай базар ачыла турган болсо, ошого ылайык лабораториялар дагы ишке кирип, элдин тамак-аш коопсуздугу үчүн чаралар күчөтүлмөк", — деди Жусупов.

Ошондой эле ал учурдагы Ош базарынын тегерегиндеги Кулиев – Киев көчөлөрүнүн аймагындагы стихиялык соода-сатыкты токтотуу үчүн бир гана ветеринардык инспекция эмес, мэрия, ИИМ, Саламаттык сактоо министрлиги жана Ленин акимиаты биригип чараларды көрүү керектигин кошумчалады. Аталган инспекция мыйзамсыз сатылган эттер боюнча тиешелүү органдарга эскертүү берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0