16:11 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт

"Ак үй", БГУ, КРСУ имараттарынын долбоорун чийген Алымкулов дүйнө салды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
250 0 0

Архитектор 24-декабрь күнү жүрөк оорусунан улам каза болгон. Маркум бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жүрөк оорусуна байланыштуу 65 жаш курагында Бишкек шаарындагы бир катар имараттардын автору Урмат Алымкулов дүйнө салды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Архитекторлор союзунун президенти Алымбек Абдраимов кабарлады.

Анын айтымында, Урмат Алымкулов азыркы Жогорку Кеңештин имаратынан тарта Президенттин башкаруу академиясынын, УАС ардагерлер госпиталынын, Германия, Түркия элчиликтеринин, "Аксакалдар чайканасынын", БГУ, Кыргыз-орус славян университеттеринин имараттарын жана бир катар аймактардагы мектеп имараттарын долбоорлогон. 

Архитектор 24-декабрь күнү жүрөк оорусунан улам каза болуп, сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. 

Урмат Алымкулов Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашачу. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы жана бир катар диплом, медалдар менен сыйланган.

1976-жылы Москва архитектура институтунун шаарды өнүктүрүү факультетин аяктаган. Ошол эле жылы "Фрунзегорпроект" институтунда эмгектенип, ал жакта негизги ири долбоорлордун автору болгон.

Тема боюнча

Экс-министр Болотбек Ногойбаев грипптен каза болду
Белгилер:
өлүм, архитектура, долбоорлор, курулуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ