Памир кыргыздарынын балдары эми Кыргызстанда билим алат

© Фото / пресс-служба Государственной службы миграцииЖизнь и быт памирских кыргызов
Жизнь и быт памирских кыргызов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистандан келген делегациянын башчысы Бикзат Ахмат Фейсал этникалык кыргыздардын социалдык абалын жакшыртуу актуалдуу маселелердин бири экендигин айтты.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы менен Афганистандын Бадахшан провинциясынын администрациясынын ортосунда "Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүүдө өз ара кызматташуу" боюнча Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Миграция кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Документке КРдин Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Алмаз Асанбаев жана Афганистандын Бадахшан провинциясынын губернатору Ахмад Фейсал кол коюшту.

Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу - Sputnik Кыргызстан
Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу
Меморандумга ылайык, Памир кыргыздарынын балдары жакындарынын коштоосунда Кыргызстанга билим алууга жөнөтүлөт. Мындан сырткары, документте паспорт берүү маселелери дагы көтөрүлгөн.

Афганистандын өкүлдөрү КРдин вице-премьери Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев менен жолугушту. 

Жолугушуунун алкагында Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы, алардын билим жана саламаттык сактоо жаатындагы көйгөйлөрү, эки өлкө арасында кызматташууну өркүндөтүү сыяктуу маселелер талкууланды. 

Афганистандык делегациянын жетекчиси Бикзат Ахмад Фейсал этникалык кыргыздардын социалдык абалын жакшыртуу актуалдуу маселелердин бири экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0