11:33 18 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Москвадагы полиция кызматкери. Архивдик сүрөт

КРдин Россиядагы элчилиги жарандарды сак болууга чакырат

© Sputnik / Евгений Одиноков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
49810

Аз убакыт мурун Германия менен Түркияда террордук актылар катталган.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандарды коопсуздук чараларын сактап, этият болууга чакырат.

Билдирүүдө мындай кадам Германия менен Түркиядагы террористтик актылардын улам жасалып жатканы айтылууда.

"Акыркы убакта болуп өткөн террордук окуялардан улам коопсуздукту сактап, көчөдө, транспортто абайлап жүрүүгө, сак болууга, ошондой эл көп топтолгон жерден оолак болууга чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Берлин шаарынын чок ортосунда жүк ташуучу унаа топтошуп турган адамдарды тебелеп кеткен. Анын кесепетинен 12 киши каза болуп, 50 адам ар кандай мүнөздөгү жаракат алышкан. Ал эми Түркияда көргөзмөгө келген Россиянын элчиси Андрей Карловду көз көрүнөө атып кетишкен.

Тема боюнча

РФ элчиси Карловдун өлтүрүлүшүн "Джейш аль-Фатх" террордук уюму өзүнө алды
Кыргызстандын ТИМи Түркиядагы орус элчисинин өлтүрүлүшүн кескин сынга алды
Белгилер:
теракт, элчилик

ЭҢ МААНИЛҮҮ